• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Алмазбек Атамбаев коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышат – Сапар Исаков

Саясат 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Германияда коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышат. Бул тууралуу брифингде Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы конференция олуттуу болуп саналат, ал жерге жыл сайын бардык мамлекеттердин лидерлери чогулат. “Бул конференция айрым өлкөлөрдүн коопсуздугун жана өз ара мамилелерин талкуулоого багытталган”,-деди ал.

“Иш-чаранын алкагында Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркель менен эки тараптуу жолугушат. Муну менен катар бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда. Конференцияда Президенттин чыгып сүйлөөсү пландалган эмес, ал пленардык жыйында сөз сүйлөйт”,-деди Сапар Исаков.

Ошондой эле, Президенттин аппаратынын жетекчисинин бюиринчи орун басары Кыргызстандын Президенти Евроньюс телеканалына маек курарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий