• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Алмазбек Атамбаев КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-мартта өлкөнүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбековду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

КТРК башчысы Президентке өлкөнүн башкы телеканалынын коомдук берүү принциптерине ылайык андан ары өнүктүрүү пландары тууралу айтып берди. Анда санариптик берүүгө өтүү мезгилинде контенттин сапатын жакшыртуу жана техникалык модернизация өткөрүү белгиленген. КТРКны өнүктүрүү иши, Илим Карыпбековдун сөзү боюнча, телеканалдын менеджменти аркылуу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүзөгө ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий