• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо текстин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы иш-чарада окуду. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди байыркы Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Нооруз – күн менен түндүн жазгы теңелүү күнү, жаңы күн. Жер жарылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан мезгил.

Ата-бабаларыбыз илгертен эле жаздын келишин, чөптүн чыгышын, булак көзүнүн ачылышын жакшылыкка жорушкан. Ошондуктан Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамы катары белгиленген. Бул күнү эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары болушун тилеп, Жаратканга сыйынышкан. Соко чегип, жер бетин алгач жолу тилишчү. Сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу майрамдашчу.

Бабалардын ошол улуу салтын, жашоонун улуу көчүн, жаркын көчүн улоо менен кыргыздар азыр да көпчүлүк Чыгыш элдери сыяктуу эле Ноорузду чоң салтанат менен белгилейт. “Ноорузду” биздин элибиз дайыма чоң үмүт, жакшы тилек менен тосуп, жаздын, эмгектин, чыныгы биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдашат.

Өлкө быйылкы Ноорузду жакшы жетишкендиктер, жаңы жөрөлгөлөр менен тосуп жатат. Элибиз улуттук жана руханий кайра жаралуу доорун сүрүүдө. Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык каатчылыктын тескери таасирине карабастан, 2013-2016-жылдары Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү орточо 5,4 пайызды түзүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң алдыңкы орунга чыктык. Өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти.


Азыркы кезде күжүрмөн элибиз жаз камын көрүп, Кудайдан мол түшүмдү, тынчтыкты, ынтымакты, жакшылыкты тилеп турган учуру. Анткени бул жыл өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү өтө маанилүү жыл. Алдыда президенттик шайлоо турат. Элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечиле турган күн келатат.

Мына ушундай жооптуу мезгилде Кыргызстан элине ынтымак жана биримдик гана керек. Өлкөнүн жана балдарыбыздын келечеги кандай болоору өзүбүзгө гана байланыштуу. Ошондуктан ойлоно турган, Мекенибизди гүлдөтүү үчүн жеңди түрүп, жапырт иштей турган учур келди.


Кудайдын колдоосу менен, тилегибиз ишке ашсын, Нооруз, келе жаткан жылыбыз ырыс-кешиктүү болсун! Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Пикир

Оставить комментарий