• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев Ленина Абдрахманованын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 20.10.17./Кабар/.КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРнин биринчи Совнаркому Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманованын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ленинанын атасы Жусуп Абдрахманов көз карандысыздык идеясын ишке ашыруу үчүн күрөшкөн Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн бири болуп саналат. 1924-жылы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу областын түзүү жөнүндө ВЦИК тарыхый токтом кабыл алган. Жусуп Абдрахманов Кыргызстанга союздук республиканын статусун берүү тууралуу маселени И.Сталинге эки жолу койгон.

Жусуп Абдрахманов ХХ кылымдын 20чы жылдары Кыргыз АССРинин Совнаркомунун төрагасы катары өз элин гана эмес, бир тууган казак элинин олуттуу бөлүгүн дагы ачарчылыктан сактап калган. Ал контрреволюциялык жана улутчулдук ишмердик жүргүзгөн деген жалган жалаа менен айыпталып, репрессияга тартылып, 1937-жылы атылып кеткен.

Жусуп Абдрахманов В.И.Лениндин урматына кызын Ленина деп атаган. Абдрахманова Ленина Жусуповна атасынын даңктуу ысымын кастарлап, татыктуу өмүр сүрдү. Эмгек жолун гальваникалык өндүрүштө карапайым жумушчу катары баштаган. Өз эмгеги менен бийик даражага жетип, көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Эмгек Кызыл Туу ордени, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ошондой эле президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан Абдрахманова Ленина Жусуповнаны акыркы сапарга узатууну уюштурууга жардам көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий