• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Алмазбек Атамбаев: “Максатташ коом гана дайрадай зор күч болот, өркүндөп өсөт”

Президент 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин күнүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештерим, калайык-калкым!

Мындан туура 25 жыл мурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кабыл алынып, эгемендигибиздин пайдубалы дагы бекемделген.

Айтылуу “Манастагы”:

“Кулаалы таптап куш кылдым

Курама жыйып журт кылдым”,- деген тарыхый саптардын маани-маңызы желегибизде таасын камтылган.

Биз, Кыргызстандын азыркы мууну желегибиздин алдында көп кылымдардан кийин жаңы мамлекетибиздин имаратын кайрадан тургуздук. Бир кезде ата-бабаларыбыз Улуу Кыргыз каганатын – Азиядагы эң кубаттуу мамлекетти курганы жөнүндө тарыхый эстутум элибиздин жүрөгүн ойготуп, аӊ-сезимин өзгөрттү.

Мамлекеттик желегибиз азыр дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун, эл аралык саясый, экономикалык, маданий, спорттук жана башка ири иш чараларда көккө көтөрүлүп, кыргыз жараны экенибизге сыймыктануу сезими жаралды.

Саналуу эле жылдар мурдарак айрымдар Кыргызстанды теӊсинбей, мамлекет боло албайт деп өйдөдөн карашчу. Биз рухубуздун тереӊдигин, намысыбыздын бекемдигин көрсөттүк. Эркин, келечеги кеӊ өлкө кура аларыбызды далилдедик.Эл аралык уюмдардын соӊку баасы боюнча Кыргызстан КМШ мейкиндигинде эркиндик деӊгээли жогору турган сейрек өлкөлөрдүн катарында турат. Азыр тетирисинче көп мамлекеттер демократия куруунун уникалдуу тажрыйбасын бизден үйрөнүп жатышат.

Кыргыз көчү түзөлдү. Биз тагдырлаш, максатташ, тилектеш экенибизди, баарыбыздын бир гана КЫРГЫЗСТАН деген мекенибиз бар экенин аңдап түшүндүк. Максатташ коом гана дайрадай зор күч болот, өркүндөп өсөт.

Кадырман бир боорлорум!

Элибизде “Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы” деген тереӊ нуска бар. Анын мааниси “Бир туунун, бир желектин алдында биригели” деген сөз. Кыргызстан эли мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, ынтымагын арттырат деп ишенем.

Кыргызымдын кырмызы желеги көкөлөй берсин!

Бири-бирибизге, мамлекетибизге күйүмдүү бололу.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, ачык асман, бакубаттык каалайм! Жергебиз ырыскыга бөлөнсүн, элибизде тынчтык, токчулук болсун!

Өлкөбүз менен кошо өркүндөйлү!

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев”.

Пикир

Оставить комментарий