• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-октябрда, мамлекеттик сапар менен Өзбекстан Республикасынын Ташкен шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын Мамлекет башчыларынын тар жана кеңири курамдагы кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү өткөрүлөт.

Сапардын алкагында Өзбекстан менен Кыргызстандын өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсүн көрүп чыгуу болжолдонууда.

Сапардын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу Макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашуу боюнча Протоколго кол коюу пландаштырылууда. Ошондой эле Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда достукту, жакшы коңшулаштыкты жана ишенимди чыңдоо жөнүндө Декларацияга кол коюшат.

Сапардын жыйынтыгында коопсуздук, коргоо, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү тармагында өз ара аракеттенишүүгө, товарларды жана жүктөрдү ташууда бажы операцияларын ишке ашыруу, статмаалыматтар менен алмашуу тартибине тиешелүү эки тараптуу документтердин пакетине, ошондой эле чек аралары чектеш райондор, маалыматтык агенттиктер ортосунда макулдашууларга кол коюу болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий