• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү

Президент 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда, Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, өзбек лидери жарым жылдын аралыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 10 эсеге өскөндүгүн белгиледи. “ Эгерде биз тоскоолдуктардын бардыгын алып салсак, бул кадам эки тараптуу мамилелерибизге жана эки тараптуу кызматташуубузга дагы бир дем берет”, - деп Шавкат Мирзиёев бүгүн кыргыз-өзбек бизнес-форумунун алкагында 200 млн долларлык контрактка кол коюлгандыгын маалымдады. “Менимче бул башталышы гана”, -деди Өзбекстандын Президенти.

Өзбек лидери Мамлекет башчылары кол коюла турган 12 документтен тышкары, бардык маселелерди толугу менен чечүү үчүн дагы 6 документти даярдоого тапшырма бергендигин баса белгиледи. “Аны үчүн саясый эрк бар, өлкөлөрүбүздүн ортосунда мындан ары маселелер болбосу үчүн, макулдашууларга кол коюуга чыгышыбыз үчүн биз тапшырма бердик”,- деди Шавкат Миризиёев. – Президенттер эки делегацияда адвокат болуп, элдердин адвокаты болуп жатышат. Мен биргелешип жыйынтыкка иштегенге көнбөй калган делегация мүчөлөрүн түшүнүп турам. Бирок Президенттер түшүнүшүү болбой турган жерлерде бардык маселелерди кайра иштеп чыгууга тапшырма берди. Президенттер дагы бир ирет, балким эртең менен чогулуп, бул маселелерди аягына чейин чечишет”, -деди Өзбекстандын Президенти.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Президентине меймандостугу үчүн, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргызстандын келерки Президенти бүгүн башталган багытты улантып, үзгүлтүксүз ишти камсыз кылат деп ойлойм”, -деп Алмазбек Атамбаев анын президенттик мөөнөтү аяктагыча өлкөлөр ортосундагы бардык маселелер чечилип, тиешелүү макулдашууларга кол коюларына ишенимин билдирди. “ Балким бир айдан кийин биз Чолпон-Атада жолугушуп, бардык маселелерди чече алабыз деп ишенем. Бүгүн 12 документке кол коюлат, биз дагы 5-6 документке кол коелу деп турабыз. Биз жаңы мамлекет түзө албайбыз, бирок биргелешип иштеше алабыз. Алдыда али элдерибизге пайда алып келчү чоң иштер күтүп турат”, -деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери конфликттердин, мина коюулардын жана талаш-тартыштын чек арасын достуктун чек арасына айландырган мамлекет башчылары катары тарыхта калышын кааларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий