• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында ФИФАнын Футбол академиясын ачты

Президент 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-октябрда Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарында ФИФАнын Футбол академиясын ачуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы Ошко сапар тартаар алдында 2010-жылдын июнь окуяларын,өрт каптаган Ош менен Жалал-Абадды эстегендигин, Жараткандан ар дайым мындай трагедиялуу окуялар экинчи кайталанбаса экен деп тилей тургандыгын белгиледи.

“Фергана өрөөнүндө жашаган бардык элдер, айрыкча кыргыздар менен өзбектерди байыркы тарых байланыштырып турат. Ушул элдер ынтымакта жашаганда эң күчтүү болушкан. Бир эле мисал. Кокон хандыгы кезинде азыркы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жеринде жайгашкан”,- деди ал.

Президент сөзүн улап, быйыл Алтай цивилизациясынын форумун тегинен өткөрбөгөндүгүн, жарандар 2010-жылдагыдай түрдүү провокацияларга берилбесин деген дагы себептердин бири болду, деп белгиледи.

Президент кезектеги саясатчы сөрөй жеке кызыкчылыгы үчүн провокациялык нерселерди көтөрүп жаткандыгын жүрөгү сыздап карап тургандыгын белгиледи. “Кыргызстанда эч ким тизелеп жашабайт. Эч ким! Жашабайт дагы!”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы өлкөдө шайлоолор таза жана ачык өтөөрүн белгилеп, Кыргызстан эли татыктуу Президентти тандап алат деген ишенимин билдирди.

“Мен өз элиме ишенем, адамдар тез эле ак караны ылгай алат. Мен өзүм дагы алдангам, менин көзүм дагы дээрлик бир жарым ай мурда эле ачылды. Биздин элибиз башкача. Бизге биримдик баарынан кымбат. Биз туура жол менен баратабыз”,- деди ал.

Президент Алмазбек Атамбаев жакында Өзбекстанга жасаган сапарынын жыйынтыктарын козгоп келип, тараптар чек аранын калган бөлүгү боюнча макулдашууну быйыл 1-декабрга чейин кол коюшат деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы америкалык Гэллап институтунун маалыматы боюнча Кыргызстан бүгүнкү күндө КМШдагы эң перспективалуу өлкө болуп саналаарын белгиледи. “Бирок биз тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калууга тийишпиз”, -деди ал.

Ош шаарында Футбол академиясын ачуу тууралуу айтып келип, Президент Алмазбек Атамбаев бул жерде Бразилиядан келген машыктыруучулар иштеп жаткандыгын канааттануу менен белгиледи..

Маалымдама: ФИФАнын Футбол академиясында бир учурда 100 балага чейин жайгашып жана жашаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Андан тышкары Футбол академиясында теориялык билим берүүчү атайын жабдуулар менен жабдылган окуу класстары, ашкана жана эс алуу бөлмөлөрү, кызматкерлер жана Академиянын машыктыруучулары үчүн административдик жайлар бар.

Пикир

Оставить комментарий