• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин башчылары тарыхый калыптанган достук байланыштарга, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизденген кыргыз-россия мамилелери эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти.

Өткөн чейрек кылым аралыгында тараптар биргелешкен аракеттер менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук багытында өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу механизмдерин калыптандырышканы баса белгиленди. Тараптар регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында активдүү кызматташууда.

Мындан ары карай саясий диалогду бекемдөөнүн жана бардык конкреттүү макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүү экени айтылды.

Андан тышкары, жакынкы келечекте эки тараптуу кызматташтыктын пландары, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана башка уюмдардын алкагындагы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүүнүн маселелери да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий