• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-февралда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөдөгү азыркы кырдаал жана улуттук коопсуздукту камсыздоо иштери тууралу маалымат берилди.

Абдил Сегизбаев Президентке терроризм жана экстремизм менен күрөшүү чаралары, ошондой эле антитеррордук иш чаралардын натыйжалуулугун арттыруу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин иштери жөнүндө айтып берди.

Андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев менен УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш чаралар комплексин өркүндөтүү, анын ичинде террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердигин ашкерелөө жана бөгөт коюуга байланышкан иш пландарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий