• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Алмазбек Атамбаев В.Путинге аргымак тартуулады

Президент 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев 28-февралда иш сапары менен Бишкекке келген Россиянын Президенти Владимир Путинге аргымак тартуулады.

Президенттин жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев социалдык тармактарга Россиянын Президенти атты кучактап, сылап жаткан, жанында Алмазбек Атамбаев жана президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коеналиев турган сүрөттү жарыялады.

Белгилүү болгондой, ат араб тукумунан.

Сүрөтчү сүрөттүн түшүндүрмөсүнө “Сүйлөшүүлөрдөн кийин...” деп жазган.

Пикир

Оставить комментарий