• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу визит менен Германияга келди

Президент 0

Мюнхен, 17-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-февралда жумушчу визит менен Германия Федеративдүү Республикасынын Мюнхен шаарына келди. Эртен, 18- февралда Мамлекет башчысы коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышат.

Бүгүн, визит алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Сорос Фондунун негиздөөчүсү Джордж Сорос менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Эртен, конференциядан кийин Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык Канцлери Ангела Меркель менен жолугат.

Пикир

Оставить комментарий