• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуясынын 15 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу

Президент 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков Аксынын Боспиек айылындагы каргаша окуяда курман болгондорду эскерүү иш чарасында Президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун окуп берди. Эскерүү аземинде 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондордун урматына куран окулуп, алардын Эстелигине гүлчамбарлар коюлду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуясынын 15 жылдыгына байланыштуу кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Мындан 15 жыл мурда “Аксы” деген ат Кыргызстанды бүт дүйнөгө дүӊгүрөткөн. Эркиндик, адилеттик үчүн керек болсо жан аябай күрөшүү керек экенин аксылык баатырлар өз өмүрүн берип көрсөтүшкөн.

Аксылыктар кыргыздардын байыркы замандан берки “түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөгөн” эр көкүрөк эл экенин эске салган! Эркиндик, адилеттик, намыс деген дөөлөттөр каныбыздан эч качан кетпей турганын эске салган!

Аксы окуясы болбосо Март-2005 жана Апрель-2010 революциялары болмок эмес. Бул үч окуя эгемен Кыргызстандын демократия жолундагы, жаңы коом, жаңы мамлекет куруу жолундагы эң оор, бирок эң маанилүү үч ашуусу болгон.

Бүгүн баарыбыз адилеттик, чындык үчүн өмүрүн берген эр-азаматтар Эркиналы Четинбаевди, Кадыркул Сапаралиевди, Медетбек Бекмуратовду, Сатынбай Үркүнбаевди, Советбек Тагаевди, Элдияр Үмөталиевди эскерип, эстелигине таазим этебиз. Аксылыктарды колдоп, ачкачылык жарыялап, каза тапкан бишкектик Шералы Назаркуловду эскеребиз. Жаткан жерлери жаннат болсун!

Мындан 15 жыл мурда канкор бийликтин огунан жарадар болгон, таягынан запкы жегени эр-азаматтарга таазим этебиз.

Урматтуу мекендештерим!

Аксы окуясы кыргыз элинин намысын ойготту. Кыргызстандын тарыхын башка нукка бурду. Бийлик элди өзү билгендей бийлөөгө, каалагандай калчап, кордоого кыргыздар жол бербей тургандыгын көргөздү.

Тилекке каршы, Аксы окуясы кийинки бийликтерге сабак болбоду. Ошондуктан, 2005-жылы 24-мартта, 2010-жылы 7-апрелде элибиз эки жолу үй-бүлөлүк-кландык бийликти күч менен кулатууга аргасыз болду.

Урматтуу мекендештер!

Азыр кыргыз эли, Кыргызстан башка.

Биз соӊку тарыхыбыздын эң оор үч ашуусун аштык, сыноолорун жеӊдик. Мындан ары биз баарылап жергебизде жаратман, билимдүү, акылдуу коомду курабыз деп ишенем. Анткени, кыргыз эли тереӊде жаткан бай маданий дараметин, бекем руханий күчүн тапты. Кандай гана оорчулуктар болбосун жеӊе аларыбызга, өз күчүбүзгө ишендик. Намыскөй, ийгиликтүү, патриот жарандар катмары жаралды. Бир сөз менен айтканда, өсүп-өнгөн, бакыбат өлкө курууга негиз түзүлдү. Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча өлкөбүздүн башкаларга караганда алдыга озгону – буга далил.

Буга чейин элибиз каарман, намыскөй сапаттары менен көптү таӊдандырса, эми жоктон барды жасаган, ийкемдүү, технологиялык жетишкендиктерди бат өздөштүргөн касиеттери менен таӊдандырат деп ишенем.

Эгер 15 жыл мурда сырттан изилдөөчүлөр, журналисттер Кыргызстанга, Аксыга тополоӊдорду көргөнү, жазганы келишсе, эми Аксыга мээнеткеч жана меймандос элин, Сары-Челек, Падыша-Ата сыяктуу керемет жерлерин, адам буту баса элек чытырман токойлорун, айтылуу кара өрүк бактарын көргөнү келип жатышат. Аксы жергеси жыл өткөн сайын таанылгыс болуп өзгөрүүдө.

Аксы эле эмес, бүт өлкөбүз өзгөрүп, өнүгүп жатат. Ажайып жаратылышыбыз, көчмөндөр маданияты менен салттарынын жанданышы дүйнөнүн көӊүлүн бурду. Эл аралык рейтингдер боюнча Кыргызстан туристтер сөзсүз келип көрүүгө сунушталган дүйнөдөгү он өлкөнүн катарына кирди. Эми биз кыргыз керемети менен баарын таӊдандырабыз!

Бардыгыӊыздарга аманчылык, жакшылыктарды каалайм!

Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге тынчтык, берекет берсин!

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүм

Пикир

Оставить комментарий