• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Алмазбек Атамбаев: “Биз өнөктөштөрүбүздү биргелешип жигердүү иштөөгө чакырабыз”

Президент 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири форматтагы жыйыны болду. Бул тууралуу Кыргыз Республика Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйын башында Алмазбек Атамбаев Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон менен саламдашты. Мамлекет башчысы быйылкы жылы Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгы уюмдун мындан аркы ишине карата көз карашын сунуштоого мүмкүнүчүлүк берерин белгиледи.

«Кыргызстан 2017-жылды Евразиялык экономикалык мейкиндикте бизнестин өнүгүшүнө эң жагымдуу шарттарды түзүүгө арноо сунушун ЕАЭБдин Жогорку кеӊешине жолдоду. Чынында бизнес экономиканын кыймылдаткыч күчү, ошондуктан биримдикти куруунун негизги эрежелерин жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен ишти улантуу абдан маанилүү. Бул - товарлардын, кызматтардын кыймылынын эркиндиги, финансылардын жана эмгек ресурстарынын ары-бери жүрүшүнүн эркиндиги. Албетте, биримдиктин ичиндеги тоскоолдуктарды жоюуга күч үрөшүбүз керек. Ал үчүн мамлекеттик органдар, Евразиялык экономикалык комиссия арасында кыйла тыгыз байланыш керек, жана, албетте, Евразиялык комиссия биздин өлкөлөрдүн бизнеси сунуштаган демилегелерге кулак салууга тийиш», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн айыл чарбасын, кайра иштетүүнү, жеңил өнөр жайды өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүү өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

«Ветеринардык, санитардык, фитосанитардык көзөмөлгө байланышкан ченемдерди ишке ашырууга колдоо көрсөтүп жаткан Россия менен Казакстандын жетекчилерине ыраазылык айткым келет. Бул тоскоолдуктар алынат жана лабораториялар чыгарылып жаткан товарлардын сапатын жакшыртууга, аларды өндүрүүнүн натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт деп ойлойм», - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан Президентинин айтымында, мындан ары жалпы эмгек рыногун калыптандыруу зарыл. Бул маселеде эмгекчилер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди аягына чыгаруу керек. «Албетте, майда административдик тартип бузуулар үчүн биримдикке мүчө өлкөлөрдүн эмгек мигранттарын, жарандарын депортациялоо маселелерине биз кыйла либералдык мамиле жасалышын каалайт элек», - деди ал.

Алмазбек Атамбаев андан тышкары биримдик ичинде жалпы электр энергетикалык рынокту түзүүнүн мааниси, бул үчүн финансылык, инфраструктуралык ресурстарды аныктоо боюнча пикирин ортого салды. «Сөзүмдүн аягында Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрү менен мамилелер – Кыргыз Республикасынын тышкы кономикалык саясатында приоритет болуп саналарын белгилегим келет. Биз өнөктөрүбүздү жандуу биргелешип иштөөгө чакырабыз», - деди Кыргыз Республикасынын Президенти.

Андан кийин Армения Президенти Серж Саргсян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон, ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегия башчысы Тигран Саркисян сөз сүйлөдү.

Жыйын аягында документтерге кол коюу аземи өттү.

Пикир

Оставить комментарий