• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Алмазбек Атамбаевге тышкы саясий иштер боюнча маалымат берилди

Президент 0


Бишкек, 22-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-мартта тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясый багытын жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев андан тышкары Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын сөз жок эске алуу менен өлкөнүн тышкы саясый приоритеттерин андан ары өнүктүрүү боюнча ишмердиктин багытттарын талкуулашты.

Андан тышкары, жолугушууда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен негизги тышкы өнөктөр менен кызматташтыкты тереӊдетүү боюнча конкреттүү кадамдарды жүзөгө ашыруу пландары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий