• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Орозо айында тазаланууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкө мусулмандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, куттуктоодо төмөнкүдөй айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Кадырман момун мусулмандар!

Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктаймын!

Бүт дүйнөдөгү мусулмандар күткөн Орозо – тазалануунун, асыл ниеттер менен үмүттөрдүн, кайрымдуулук менен соопчулуктун айы. Бул айда араздашкандар өз ара жарашышат, бири-бирин кечиришет, кыйналгандарга каралашып, жашоосуна үмүт отун жагышат.

Адамдын түйшүгү, санаасы эч качан бүтпөйт. Мүлдө дүйнөдө өлчөөсү жок байлыктын түбүнө эч ким жеткен эмес. Ушул айда күнүмдүк көртирликтен бойду жыйып, өмүрдүн маани-маңызы жөнүндө ой толгойлу. Бул жарыкчылыкка келгендеги максатым эмне, жакындарыма,эл-журтума жардамымтийип жатабы деп өзүбүзгө суроо берели. “Жакшы ой адамды жашартат, жаман ой адамды картайтат” дейт элдик нуска, демек, көөдөндү жаман ойлордон тазалайлы.Ар бир адамдын ою тазарса, бүт коом, бүт өлкө тазарат, өсүп-өнөт.

Урматтуу мекендештер!

Кадырман момун мусулмандар!

Баарыңыздарга ыйык Орозо айда бак-таалай, ийгилик келсин. Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!"

Пикир

Оставить комментарий