• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент “Алтын сертификаттын” ээлерин сыйлады

Президент 0


Бишкек, 5-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Алмазбек Атамбаев “Алтын сертификат” жана жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү сыйлады.

2017-жылы 55 бүтүрүүчү “Алтын сертификат” алды. Алардын ичинен 45 - Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү, 6 - Чүй облусунан, 2 - Ош ал эми Жалал-Абад менен Нарын облусунан бирден бүтүрүүчү аталган сертификатка ээ болгон.

Президент ошондой эле, ЖРТда жогорку балл алган аймактардагы бүтүрүүчүлөрдү сыйлады.

Өлкө башчысынын атынан бүтүрүүчүлөргө 10 миң сом, планшет жана мактоо грамоталары тапшырылды.

Бишкектеги Б. Яркин атындагы №61 мектеп-лицейинин 7 бүтүрүүчүсү “Алтын сертификат” алса, Кыргыз-Орус Славян университетинин 6 мектеп бүтүрүүчүсү жана “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин 8 бүтүрүүчүсү алтын сертификаттуу болушту.

2017-жылы мектепти жалпысынан 62 миң окуучу аяктаган. Алардын 48 миң 449у, тагыраагы 78% жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан.

Пикир

Оставить комментарий