• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент ант берген өкмөт мүчөлөрүнө: Азыр күнү-түнү тынбай эмгектене турган мезгил

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште жаңыдан дайындалган Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ант беришти. Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Мамлекет башчысы ант берген өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн куттуктап, өз милдеттерине эң жооптуу учурда киришип жаткандыктарын билдирди.

"Азыр ар бир саат кымбат. Ар бир күн кымбат. Берген антыңарды бекем кармап, күнү-түнү тынбай эмгектене турган мезгил. Элге кызмат кылуу үчүн болгон күч-аракетиңерди, билимиңерди, тажрыйбаңарды жумшайсыңар деп ишенебиз", - деп баса белгиледи өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий