• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө тууралуу Жарлыкка жакында кол коём

Президент 0

Бишкек, 17.03.19. /Кабар/. «Элдик Апрель революциясына 2020-жылы 10 жыл болот. Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө тууралуу Жарлыкка жакында кол коём», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерүү митингинде.

«Бүгүн биз Аксы окуясында курман болгондордун жана жаракат алып, кийин көз жумгандардын жаркын элесине таазим кылабыз. Ошону менен бирге 2005, 2010-жылдары адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштө курман болгон мекендештерибизди эскеребиз. Алардын эмне үчүн көз жумганын эстейбиз. Элдик Апрель революциясына 2020-жылы 10 жыл болот. 2010-жылы апрелде мекендештерим менен бирге мен дагы үй-бүлөлүк кандуу режимге каршы чыккам. Мен үчүн 2010-жылы курман болгон мекендештеримдин, алардын жакындарынын тагдыры — жөн гана курулай сөз эмес. Менин жүрөгүмдө», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий