• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент апрелден баштап бардык мектептерде аттестациялоо иштери жүрө турганын айтты

Президент 0

Бишкек, 04.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда апрелден баштап бардык мектептерде аттестациялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

"Балдарыбызга, келечек муундарга сабакты эң татыктуу, эң акылдуу, эң дасыккандарыбыз окутсун. Педагог диплому болбосо дагы, атайын курстан өткөн агай эжекейлерди даярдап, биз быйыл жайында ар бир мектепке жок дегенде 10-15тен жаңы мугалимдерди алышыбыз керек. Өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктажбыз. Мен азыркы жаштарга да кайрыламын. Мектеп мугалими болуп иштеңиздер. Мындан жогору ардак да, аброй да башка кесиптерде өтө аз”, - дейт өлкө башчы.

Садыр Жапаров кошумчалагандай, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын эмгек акысы дагы 80%га өстү.

Пикир

Оставить комментарий