• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Арстанбапта жер көчкүдөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам бөлүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылында жер көчкүдөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтып, аларга материалдык жардам берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Андан тышкары, Мамлекет башчысы өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарды дарылоо жана сакайтуу жагын өзгөчө көзөмөлүнө алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий