• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Атамбаевдин айланасындагы ишти мыйзам чегинде иликтөөнү талап кылды – Башкы прокурор

Коом 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин айланасындагы ишти мыйзам чегинде иликтөөнү талап кылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Жамшитов баса белгилегендей, 8-августта Атамбаевдин тарапташтары бийликти басып алуу максатында талап-тоноо жана башаламандыктарды пландашкан.

“Объективдүү тергөө жүргүзүү үчүн 7-8-август күндөгү окуяларга тиешеси бар адамдардан сурак алынат”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Аны менен катар Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган.

Кийинки күнү, 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий