• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент: Атамбаевге абакта бардык шарттарды түздүргөм, буга чейин тар камерада жаткан

Президент 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маек куруп, коомчулуктун курч суроолоруна жооп берди.

Президентке “Жакында эле мурунку президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге түрмөдөн интервью берди. Айтымында, анын жаткан жеринде баардык шарттар түзүлгөн экен: жакындары, тарапташтары ээн-эркин кирип-чыга алышат экен, жаткан жеринде ыңгайлуу шарттар түзүлүптүр. Ушуга карата сиздин оюңуз кандай? Мыйзамга туура келеби? Негизи, сиз жаткан убакта сизге ушундай шарттар түзүлдү беле?” деген суроо узатылган.

“Туура. Мен бийликке келерим менен Алмазбек Шаршеновичке бардык шарттарды түздүрүп бергем. Мага чейин УКМКнын көчүк айланбаган тар камерасында жаткан. Мен 47-колонияга котортуп, ээн-эркин басып турсун дегем. Бүгүнкү күнгө чейин каалагандай жашап келе жатат. Үй-бүлөсү, тааныш-билиштери, керек болсо, журналисттер кенен-кесири кирип-чыгып жүрүшөт. Муну менен мен “таш менен урганды аш менен ур” деген бабалардын насаатын аткардым. Мен камакта жатканда, мунун бири жок болчу. Колониянын башчылары “сиз катуу көзөмөлдө турасыз” деп так секирип качышар эле”, - деди ал.

Президент абакта жатканда жакындары менен бир айда эки жолу гана көрүшүп турганын билдирди.

“Жаткан жеримди күн сайын тинтүү жүргүздүрүп турчу. Телефонумду күндүз катып, түнкүсүн колдончумун. Менин табиятымда өч алуу же кек сактоо деген сапатым жок. Кудайга койдум деп ичимден эле айтып коюп, баарын ошол замат унутуп коём. Болбосо өч алып, ата-энем менен баламдын кунун куусам болот эле. Менин жакындарымды жоготконума Атамбаев күнөөлүү деп айтпайм. Бирок себепчи болгон ушул киши да. 13 бир тууганды небере-чөбөрөлөрү менен бирдей камап, карыган атамдын өзүн таштап коюшуна себепчи болду. Атам өлгөндө, топурак салып келүүгө жибербей койду. Кийин энем кетти. Дагы жакшы, ал убакта Сооронбай Жээнбеков топурак салып, акыркы сапарга узатып келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Андан кийин балам кетти. Албетте, мунун баары Кудайдан”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий