• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент "Атамбаевсиз КСДП" кыймылына тиешеси жок экенин билдирди

Саясат 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. “Менин “Атамбаевсиз КСДП” кыймылына эч кандай тиешем жок”. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатып билдирди.

“Мен оор күндөрү КСДПны башкаргандардын бири болгом. Ал 2007, 2009 жана 2010-жылдар. Азыр партияда эмне болуп жатканын көргөндө мен абдан кайгырам. Партия ичинде тузүлгөн кырдаалдын себептерин Жээнбековдон эмес, башка жактан издөө керек. Мен президент болгон күндөн баштап, партия мүчөлүгүнөн чыктым. Анткени мен баардык партиялар үчүн бирдей шартта жана ачык атаандаштыкты түзүп берүүм керек”, - дейт Жээнбеков.

Мамлекет башчысы "Атамбаевсиз КСДП" кыймылына тиешеси жок экенин баса белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий