• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент атамекендик адистерди каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келген каржылык технологияларды киргизүү жолу менен калктын ишенимин мындан ары жогорулатуу зарыл. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров кыргыз сомунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Өлкө башчысы каржы рыногунун өнүгүүсүнө таасир эткен эң негизги фактор – бул калктын ишеними экендигин айтты.

"Жарандар финансылык продукцияны керектөөчү катары каржылык уюмдардын ишине баа берет. Ошондуктан, каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу зарыл", - деп баса белгиледи президент.

Ошондой эле президент мааракелик иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолду.

"Советтик мезгилден кийинки өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп улуттук валютаны кабыл алып, жүгүртүүгө чыгарган. Азыр артка кылчайып, ошол окуяларга баа бере турган болсок, бул чечим маанилүү кадам болгонун көрө алабыз. Анткени өз валютабыздын киргизилиши биздин көз карандысыз өнүгүү жолубузду аныктап, өз алдынча акча-кредиттик саясат жүргүзүүгө шарт түзгөн.

Кыргыз сому 30 жыл ичинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн туруктуулугунун символу жана өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатынын негизги элементи болуп келди.

Учурдан пайдаланып, кыргыз сомун киргизүү процессинде катышкан бардык адамдардын – ошол учурдагы Улуттук банктын төрагасы, ыраматылык Нанаев Кемелбек Касымкуловичтин, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Абдуманапов Эмил Садыковичтин, премьер-министрлер – Исанов Насирдин Исановичтин жана Чынгышев Турсунбек Чынгышевичтин, вице-премьер-министр Койчуев Турар Койчуевичтин өлчөөсүз эмгегин эскерип, валютаны киргизүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө, сүрөтчүлөргө, тарыхчыларга жана экономисттерге терең ыраазычылыгымды билдире кетейин". - деди ал.


Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук валютасынын киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий