• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент: Азыр коомдук көзөмөл күчтүү. Ошондуктан, административдик ресурсту жашырып калуу мүмкүн эмес

Президент 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. «Азыр коомдук көзөмөл күчтүү. Ошондуктан, ушундай ачык коомдо административдик ресурсту жашырып калуу мүмкүн эмес», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде, келе жаткан парламенттик шайлоодо административдик ресурсту колдонуу жөнүндө суроого жооп берип жатып.

Мамлекет башчысы өлкөдө административдик ресурска тоскоол болчу механизмдер толук кандуу бар экенин белгиледи.

«Биринчи кезекте — бул шайлоо процессине болгон коомдук көзөмөл. Мына ушул инструмент — демократиялык, ачык шайлоо өткөрүү үчүн зарыл болгон негизги курал», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент бул куралды байкоочулар, өзүн оппозициямын деп эсептеген саясий күчтөр кеңири колдонуп келгенин жана азыр да колдонорун кошумчалады.

Мындан сырткары, шайлоо системасындагы технологиялардын негизинде «бир адам — бир добуш» принциби сакталарын белгиледи.

«Шайлоо системасын таза өткөрүү боюнча алдыңкы технология кирген, ал жакшыртылды. Шайлоо системасындагы технологиялардын негизинде „бир адам — бир добуш“ принциби сакталат. Муну эч ким буза албайт, муну кааласа да, жасайм десе да буза албайт. Ал жерде автоматтык эсептөө, ар бир адам өзү үчүн гана добуш бере тургандай система. Муну бардыгы билет. Аны биз дагы катуу көзөмөлдөйбүз. Жогоруда айтып кеткендей, бардык саясий күчтөр, биздин коомчулук дагы көзөмөлдөйт», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков азыр шайлоочуларда тандоо эркиндиги толугу менен бар экендигин өзгөчө белгиледи.

«Борбордук шайлоо комиссиясынын курамында да ар кыл саясий күчтөрдөн өкүлдөр бар. Алардын арасында жарандык коомго ыктаган да өкүлдөр бар. Мына ушунун баары шайлоо процессине ачык жарандык көзөмөлдү толугу менен камсыз кылат деп ишенем», — деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле Мамлекет башчысы акыркы эки жылда интернет бардык жерге кирип, айылдарга жеткенин кошумчалады.

«Эгерде ошондой колдонсо көргөн-билгендин баарын чыгарып жатышат. Ошол үчүн административдик ресурсту колдонуп, жашырып калуу, дагы кайталайм, биздин коомдо мүмкүн эмес. Эл баарын көрүп, билип турат. Коомдон, элден эч нерсени жашыра албайбыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий