• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент балдар үчүн жаңы жылдык балатыда: Билимдүү жана жигердүү жаштар — өлкөбүздүн үмүтү

Президент 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. «Билимдүү жана жигердүү жаштар — өлкөбүздүн эң чоң потенциалы жана үмүтү», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, салтка айланган балдардын жаңы жылдык балатысында.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Бүгүнкү Жаңы жылдык балатыга Мекенибиздин ар тарабынан келген урматтуу жеткинчектер — эртеңки күндүн ээлери!

Силерди келе жаткан Жаңы жылыңар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Жаңыра турган 2022-жаңы жылыбызда баарыңарга чың ден соолук, окууларыңарга ийгиликтерди каалайм. Жаңы жылда бардык ой-максат, тилектериңер ишке ашсын!

Бүгүнкү жаңы жылдык балатыга катышып отурган дүйнөлүк, республикалык олимпиадалардын, ошондой эле түрдүү сынактардын жеңүүчүлөрүн көрүп, абдан сыймыктанып турам.

Бул жеңиштер жашоодогу ийгиликтериңердин алгачкы кадамы болуусу керек!

Мамлекет жылдан-жылга Кыргызстандын келечек муундарынын терең билим, татыктуу тарбия алышына бардык шарттарды түзүүгө күч-аракетин жумшап жатабыз.

Ага жараша билим алууга умтулган, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштардын саны көбөйүүдө. Билимдүү жана жигердүү жаштар — өлкөбүздүн эң чоң потенциалы жана үмүтү.

Мектепти эң жакшы бааларга окуп, ата-энеңерди урматтап, Мекенди сүйүп, ага ар дайым жан тартып максатыңарга жетүүгө умтулсаңар, Кыргызстанга кошкон салымыңыздар ошол болот.

Эже-агайыңардын, ата-энеңердин „Менин балам, менин кызым, эл керегине жараган, өлкөсүн өргө карай сүрөгөн уул-кыздардан болсо экен“ деген аруу тилектерин аткарууга чакырам.

Анткени биз — ата-энелер жана эже-агайларыңар уул-кыздарыбыздан Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков, Ишеналы Арабаев, Чынгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева, Илон Маск, Марк Цукербергдер чыкса экен деп ниет кылабыз.

Ар дайым бири-бириңиздерге мээримдүү, кайрымдуу болушуңарды каалаймын.

Жардамга кол суна билген, башкаларга өтө аяр мамиле кылган, улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөтө билген адам гана көп ийгиликтерге жетише алат.

Жакындарыңарды, билим, тарбия берген мектебиңерди, туулуп-өскөн жерлериңерди кадырлап-баалай билгиле.

Мындай мүнөз күтүүгө жетишсеңер, Манас бабабыз сыяктуу Мекенин жанындай сүйгөн, керемет кыргыз жерин көздүн карегиндей сактаган, Ата-Журтубузду ар дайым коргогон чыныгы атуул болуп чыгасыздар.

Кымбаттуу балдарым!

Баткендин ширелүү өрүгүн, Нарындын тоо балын, Оштун кара мейизин, Таластын май курутун, Ысык-Көлдүн кызыл алмасын, Жалал-Абаддын жаңгагын, Сары-Өзөн Чүйдүн не бир түркүм берекесин дүйнөнүн эч бир таттуусу алмаштыра албайт.

Силер үчүн Жаңы жылдык белектер өзүбүздүн Кыргызстанда өндүрүлгөн мөмө-чөмөлөрдөн, таза азыктардан, саламаттыгыңарга пайдалуу жемиштерден даярдалды.

Келе жаткан Жаңы жылыңар менен дагы бир жолу куттуктайм.

Жаңы жылда Жараткан Мекенибизге, элибизге жакшылыктарын мол берсин!

Ата-энеңерге, бир туугандарыңарга, эжей-агайларыңарга жана чогуу окуган классташтарыңарга менден ысык салам айта баргыла!

Келе жаткан Жаңы жылыбыз кут болсун!».

Пикир

Оставить комментарий