• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент “Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол” жолунун реконструкциялоо иштери менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 30.04.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн “Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол” эл аралык автожолунун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Трассанын жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт. Бөлүүчү тосмо менен төрт тилкелүү жол курулууда. 2024-жылдын ноябрында биринчи бөлүгүнүн реконструкциясынын аякташын убада кылышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин тапшырмасына ылайык, аталган автожолду куруу маселесин иликтөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топко бир жумалык мөөнөттө курулуш иштеринин жүрүшүн, Балыкчы–Бөкөнбаев —Каракол автомобиль жолун (Балыкчы-Барскоон участогу 0дөн 141,7 кмге чейин) куруу маселесин комплекстүү изилдеп, ошондой эле жолдун курулушун андан ары ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий