• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Балыкчы шаарында кайра оңдолгон Абдрахманов көчөсүнүн абалы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-апрелде Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында болуп, өткөн 2016-жылы кайра оңдолгон Абдрахманов көчөсүнүн абалы менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолду көрүү учурунда КР транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов шаардын бул негизги автомагистралын оӊдоо иштери тууралу айтып берди. Жолдун абалын көргөн Президент Алмазбек Атамбаев жол жээгиндеги инфраструктураны жакшыртуу чараларын көрүү тапшырмасын берди.

Балыкчы шаарындагы Абдрахманов көчөсүн жаңылоо 2016-жылы бүткөрүлгөн. Былтыр июнда жумушчу сапар маалында Мамлекет башчысы бул жолдун сапатын жана өз маалында оңдоону көзөмөлдөө боюнча Транспорт жана жолдор министрлигине айрым пикирлерин айткан болучу.

Пикир

Оставить комментарий