• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: Башкы максатыбыз — балдарыбызга татыктуу билим берүү  

Президент 0

Бишкек, 29.04.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарындагы “Рухий Мурас” конушундагы мектептин жаңы имаратын куруу үчүн капсула салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы 2005-жылы негизделген бул конуштун жашоочулары үчүн иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров ошондогу жаңы төрөлгөн балдар быйыл 17ге чыгышканына көңүл бурду. Алардын баары шаардын ар кайсы жерине барып окуганга аргасыз болуп келди. Айрым ата-энелер балдары мектепке барып-келгиче сарсанаа тартып, азап чегишсе, айрымдары балдарын мектептерине өздөрү ташып, убара болуп келишкен.

Президент бүгүнкү күндө бул конушта 7 миңге чукул адам жашаарын, учурда мында орто эсеп менен 1350 орундуу мектепке муктаждык бар экенин айтты.

“Бүгүн биз дал ушул маселени чечели деп келип олтурабыз. Бул иш-чара сиздер үчүн да, биз үчүн да, албетте, чоң кубаныч. Биринчиден, балдарыбыз үчүн шарт түзүлүп жатат. Буюрса, мындан ары балдардын баары өзүңүздөрдүн мектептен билим алып калышат. Убаракерчилик жоюлуп, жол киреге кеткен каражат да үнөмдөлөт. Мына, Бишкек мэриясы күзгө чейин бүтүрүүгө бардык аракеттерди жумшайбыз деп убадасын берип жатат, курулушту өзүм да көзөмөлгө алам”, - деп ишендирди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө мектеп тартыштыгы Бишкек менен Чүй облусунда абдан чоң экенине көңүл бурду. Ички миграциядан улам, балдарды мектептерге жайгаштырууда оорчулук дал ушул аймакка түштү. Айрыкча Аламүдүн, Сокулук райондорунда жаңы конуштар абдан көп түптөлгөнү белгилүү.Бишкек шаарынын өзүндө эле жеке мектептерди кошпогондо, 177 миң окуучу бар. Борбор шаарда элдин саны 2022-жылдын 1-январына карата 1 млн 74 миң адамды түздү, бул каттоосу бар гана адамдар. Ал эми Бишкектин айланасындагы 47 жаңы конушту эске алганда, демек, балдардын саны эки-үч эсеге көп. Садыр Жапаров мектепке болгон муктаждык абдан чоң экенин белгилеп, балдарга жагымдуу шарттарды түзүп берүү анын жүрөгүнөйүгөн маселелердин бири экенин айтты.

Аны менен бирге, өлкөдөгү мектептердин тартыштыгына жана административдик имараттын курулушуна байланыштуу сын-пикирлерге токтолду.

“Өлкө боюнча, дээрлик бардык тармактарда масштабдуу түрдө курулуштар жүрүп жатат. Аны өзүңүздөр көрүп, билип турасыздар. Бишкек шаарында эле 15 мектеп, 5 бала бакчаны мамлекеттик бюджеттин эсебинен салып баштадык. “Ак-Бата”, “Алтын-Ордо”, “Мурас-Ордо”, “Ак-Ордо”, “Ак-Босого”, “Көлмө” конуштарында мектептер салынат. Баары башталды. Бишкектин тарыхында 15 мектеп бир учурда салынып баштайт деген таптакыр болгон эмес. 15 мектеп, 5 бала бакча. Буга биз 2,5 млрд сомдон ашык каражатты бөлдүк. Мектептердин ар бир чарчы метрин 650 доллардан салып жатабыз. Буга чейин ар бир чарчы метрин 820 доллардан салып келишкен. Акыркы он жылда республика боюнча канча мектептер курулган болсо, ар бир чарчы метринен 170 доллардан кемитип коюңуздар канча сумма чыгат экен. Жүздөгөн миллион долларлар чыгат. Эгер 300 мектеп салынган болсо ортодо 200 миллион доллар желип кеткен деген сөз да. Баарын жеп жүрүшкөн. Эгерде жебей, бүгүнкү күндөй 650 доллардан сала турган болсо дагы 200 мектеп түшүп калмак жалпы республика боюнча. Жалпы өлкө боюнча айрым айылдарда абдан эскилиги жеткен социалдык имараттар дагы деле бар. Аны моюнга алышыбыз керек. Алардын баарын тактап чыгууга тапшырма бергенмин. Мамлекеттик курулуш агенттиги, администрация иштеп атат бул боюнча. Жакынкы 3-4 жылдын ичинде бүт Кыргызстан боюнча мектептерди, социалдык объекттердин баарын жаңыртабыз. Буюрса быйыл айлык, пенсия, жөлөкпул – баарын сезилердик көтөрүп жатабыз. Социалдык чөйрөгө бюджеттен 111 млрд сом каралган, андан тышкары социалдык чөйрөдөгү маяналарды көтөрүүгө кошумча 26 млрд сом таап жатабыз.

“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” деген сөз бар элибизде. Шаарыбызга көрк кошкон имараттар көп болсо дейбиз. Биз администрациялык имарат эле эмес, өтө чоң курулуштарды баштоого ниеттенип жатабыз. Кудай буюрса, ушул жылы Камбар-Ата - 1 ГЭСинин курулушун баштайбыз. Биздин башкы максатыбыз - балдарыбыздын коопсуздугу, аларга татыктуу билим берүү болуп саналат. Ошондуктан мындан ары акчабыздын көпчүлүк бөлүгүн мектептер менен мугалимдерге жумшайбыз”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Сөз сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы бүгүн Бишкек шаарынын күнү экенин белгилеп, буга байланыштуу ал бардыгын бүгүнкү майрамы менен куттуктады.Курулуп жаткан объект тууралуу айтып берип Садыр Жапаров мектеп үч кабаттуу жертөлөсү менен болорун белгиледи. Долбоордун сметалык баасы 200 млн сом. Имарат комплексинин ичинде: спорт залы, жыйындар залы, ашкана, китепканасы окуу залы менен кошо болот. Жертөлөдө: көркөм искусство кружокторуна кабинеттер да эске алынган. Ар бир класс предметке жараша жабдылмакчы. Химия, физика боюнча лабораториялар дагы иштегидей болот. Кыскасы, заман талабына ылайык, жаркыраган жакшы мектеп түшөт. Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров күзүндө мектептин ачылышы менен куттуктоо үчүн бул конушка кайра келерин кошумчалады. Учурдан пайдаланып жергиликтүү тургундар Мамлекет башчысына пенсияны жогорулатуу, электрэнергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, жерлерди трансформациялоо жана укук берүүчү документтерди алууга байланышкан бир катар суроолорун узатышты. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерине конуш тургандары айткан маселелерди чечүү боюнча бир катар тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий