• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Баткен облусунун Кадамжай районун кыдырды — фоторепортаж

Аймак 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Кечээ, 20-февралда Мамлекет башчысы Баткен облусунун Кадамжай районуна иш сапар менен барды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош-Баткен-Исфана авто жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Андан кийин ал Кадамжай районунун жашоочулары менен жолугушту жана 2018-жылы жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында аткарылган иштер тууралуу айтып берип, аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала турганын жана кийинки жылдары да улантыларын белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков сот-укуктук реформасынын маңызы, коррупция менен системалуу күрөшүү, тышкы саясаттагы кадамдар, санариптик форматка өтүү боюнча иш чаралар тууралуу айтып берди.

Кадамжай районунун жашоочуларынын суроолоруна Президент жана тиешелүү мамлекеттик структуралардын жетекчилери жооп берди, алар негизинен жолдорду, социалдык, инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, жеңилдетилген насыяларды берүү, кайра иштетүү ишканаларын куруу, таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана экологиялык көйгөйлөр тууралуу болду.

Андан соң Мамлекет башчысы Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылында жайгашкан «Факел» чек ара заставасынын жаңы курулган имаратынын ачылыш аземине катышты. Заставага 200 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Иш сапардын соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылындагы № 8 лицейдин алдындагы «Өндүрүштүк комплекске» барды.

Пикир

Оставить комментарий