• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Баткендеги жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаровдун маалыматына ылайык, бул жерде 90 орундуу жаңы оорукананы ачуу үчүн оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Оңдоп-түзөө иштерин үстүбүздөгү жылдын август айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Баткен облусунун жана Баткен шаарынын 116 миңден ашуун жашоочуларын 45 орундук жугуштуу оорулар бөлүмү тейлөөдө. Бул жергиликтүү калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жетишсиз.

Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык кызматкерлер менен баарлашып, медицина жаатында биринчи кезекте бейтаптарга эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багыттала турган өлкөнү санариптештирүү саясатынын максаттары жана милдеттери жөнүндө кеңири айтып берди.

Ошондой эле, санариптештирүү көмүскөдө жүгүртүлгөн каражаттарды ачыкка чыгарып, анын эсебинен республикалык бюджетти толуктоого жана социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө өбөлгө түзөт.

Мамлекет башчысы дарыгерлердин өздөрүн да санариптештирүү процессине активдүү катышууга чакырды.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү жакшы билерин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңеши бир жарым жылдан бери саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү иликтөө үстүндө иштеди. Биз жакынкы аралыкта кырдаалды жакшыртуу үчүн бул маселени ар тараптуу карап чыгабыз. Пандемия системанын бардык болгон көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы медицина кызматкерлерине дагы бир жолу ыраазычылык билдирди. Өлкөдө Өкмөтү тарабынан аймактардагы кароосуз калган имараттарды заманбап ооруканаларга кайра профилдештирүү үчүн ревизиялоо иштери улантылып жатканын кошумчалады.

«Биз жаңы ооруканаларды курабыз, ал эми оңдоп-түзөөгө жарактуу имараттарды жабдып, толук кандуу медициналык мекемелерге айлантабыз. Бул багыттагы иштер бардык аймактарда жигердүү жүрүп жатат. Өзүңүздөр билгендей, региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында өлкөнүн алыскы аймактарына өзгөчө көңүл бурулууда», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий