• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» КР мыйзамына кол койду

Президент 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзам өзүн-өзү өнүктүрүү же жеке керектөөлөрүн канааттандыруу максатында билимдерди жана көндүмдөрдү алууга багытталган кошумча билим берүү кызматтарды алуу боюнча жарандардын укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык педагогдук ишти иштөө укугуна зарыл билим алган жана тиешелүү педагогдук квалификациясы бар адамдар ээ болушат, ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо.

Мыйзамдын 28-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык педагогдук билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук (окутуучулук) иште иштөө укугуна төмөнкү учурларда ээ болот:

— кайра даярдоодон өткөн;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу иштин көндүмдөрүн үйрөнгөн;

— репетитордук жана тренингдер тартибинде сабак өткөн.

Кол коюлган Мыйзам менен «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин экинчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий