• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент «Биоэтанол жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Биоэтанол жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам республикадагы экологиялык жана экономикалык абалды жакшыртуу, отунду импорттого болгон көз карандуулукту төмөндөтүү максатында кабыл алынган. Мыйзам Кыргыз Республикасында биоэтанолду өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мамлекеттик саясатынын принциптерин жана укуктук негиздерин белгилейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий