• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Президент 0

Бишкек, 17.08.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Туражанова Жамиля Асадуллаевнанын жана Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Каримбеков Ниматилла Исмаиловичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий