• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент: Бир орунда ондогон жылдар бою отуруп калган судьялар бар

Президент 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. "Соттордун азыркы курамдарын талдап көрсөм, көбү өзү туулуп-өскөн аймактарга дайындалып, судьялык кызматты аткарып келе жатышыптыр. Анысы аз келгенсип, бир эле орунда ондогон жылдар бою отуруп калган судьялар бар экен", - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, КР судьяларынын XII курултайында.

"Мындай мамиле аркылуу сот адилеттигин сапаттуу ишке ашырабыз деп кантип айта алабыз? Албетте, мындай көрүнүштөр коомчулук тарабынан негиздүү сын-пикирлерди жаратат", - деп, мындай системаны кечиктирбестен бузуп, ротация жүргүзүү жолу менен жөнгө салынышы керектигин баса белгиледи.

"Былтыр биз жергиликтүү акимдерди ротация кылдык эле. Кудай буюрса, бул ыкма жакшы жемиштерин бере баштады! Эл-журт дагы ыраазы болуп жатат. Көрсө, жасаса болот экен да, болгону коркпош керек.

Ошону менен бирге соттордун иш менен жүктөлүшүнө терең талдоо жүргүзүлүп, штаттык бирдиктерди карап чыгуу зарыл. Мында сотто каралган иштердин саны тууралуу статистикалык көрсөтүчтөргө эмес, сотко келип түшкөн ар бир ишке, доо арызга, ошондой эле каралган иштердин категориясына жана көлөмүнө көңүл буруу зарыл", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө укуктук, унитардык мамлекетибизде мыйзамдуулуктун жалпы республика боюнча бирдей режими, бирдиктүү жана туруктуу соттук практикасы өкүм сүрүшү абзелдигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий