• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент бир туугандары кандай кызматтарда иштей тургандыктарын айтып берди

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында кландык башкаруу тууралуу сынга жооп берди.

Президент белгилегендей, мамлекетти башкарууда үй-бүлөсүнүн кийлигишүүсүнө жол бербейт.

“Мен кландык системанын өнүгүшүнө жол бербейм. Менин оппоненттерим үй-бүлөлүк башкарууга мүмкүнчүлүк берип, ошол менен колдонууда. Эгер мен азыр өзүмдүн жакындарым тууралуу ушактарды четке какпасам, бул маселе беш жыл бою көтөрүлөт. Биз 11 бир тууганбыз, азыр сегизибиз калдык. Биздин ата-энебиз бизге жакшы тарбия жана татыктуу билим беришти”, - дейт президент.

Анын айтуусунда, анын эң улуу агасы Кантөрө Жээнбеков – илимдердин доктору. Ал алгач Жалал-Абад облусунда экономика жана ишмердүүлүк университетин ачып, ошол жерде 24 жыл ректор болуп эмгектенген. Ал көп студенттерди окутуп, өстүрдү. Былтыр ал каза болгон.

“Андан кийинки эжебиз адистиги боюнча физик-математик. Мугалим болуп жүрүп пенсияга чыккан. Дагы бир эжебиз дарыгер болуп поликлиникада иштейт. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин профсоюзду жетектеген. Кийинки агам Жусупбек Шарипович Шарипов 2005-жылдан баштап элчи болуп, чет өлкөдө иштейт. Ал мен президент болгондон кийин өлкөгө келгенден коркоорун айтат. Дагы бир агабыз кайтыш болуп калган”, - дейт Жээнбеков.

“Андан кийин Асылбек – ал депутат. Карындашым бар. Ал өзүнүн чакан ишин жүргүзөт. Эң кичүү иним айылда турат. Ташкенттеги окуу жайды аяктаган. Айылда дыйканчылык менен алектенет. Анын өзүнүн иши бар. Ал жерде жашап, иштейт. Менин туугандарым ушулар”, - деп президент туугандары менен тааныштыруусун аяктады.

Мындан кийин президент тегерегинде көп сөз болгон кудалары тууралуу айтып берди. Президент кыргыздарда кудалар менен мамиле ортодогу сый мамиленин негизинде түзүлөрүн белгиледи. Ал ошондой эле эрежени кудалары менен болгон мамиледе карманарын айтты.

“Жылдын ичинде сиздер тараптан баардык маселелер көтөрүлдү жана мында ЖМК өкүлдөрүнүн салымы чоң. Менин ишиме чоң пайда алып келип жатасыңар. Мындай шарттарда сиздер кландык башкарууну түптөөгө мүмкүндүк бересиңерби? Жакында эле “Мегаком” компаниясынын жетекчилик кызматына мени менен үй-бүлөлүк жакындыгы бар адам койулганын билген эмесмин. Бул кабар мага жеткенче ал арыз жазып кызматынан кетиптир”, - деди Жээнбеков.

Бул маселе боюнча сөзүн аяктап жатып ал өлкөбүздө дайыма күчтүү коомдун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн, ал өзүнөн өзү үй-бүлөлүк башкаруу формасынын жаралышына бөгөт болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий