• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Бириккен күрөш дүйнөсү эл аралык федерациясынын жетекчилиги менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда, Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лалович жана Азия-Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Даулет Турлыханов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолгушуу Бишкекте башталган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алкагында болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн эки жаш курак тобунда Азия чемпионатын өткөрүү чоң сыймык экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстанда эркин күрөш, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү өтө популярдуу экенин белгиледи. Көчмөн маданиятында жашап, улуу тарыхында жоокер эл болгон кыргыз эли үчүн күрөш жат эмес. Бүгүнкү күндө ата-бабалардын жолу уланып, жаштарынын көпчүлүгү бул спорт менен алектенишип, бул спорт менен дүйнөлүк аянтчаларда чоң ийгиликтерге жетишип, Кыргызстанды даңазалоодо.

“Биз өлкөбүздө спорттун бул түрүн өнүктүрүү жана тиешелүү инфраструктураны жакшыртуу багытында мамлекеттик деңгээлде бир топ аракеттерди көрүп жатабыз. Талыкпай машыгып, ийгиликтерге жетишкен спортчуларга мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтө бермекчи. Мындан тышкары, күрөш менен алектенген кыз-келиндерге шарт түзүү максатында Бишкекте заманбап талаптарга жооп берген спорт зал курулуп жатат. Тиешелүү шарттар түзүлсө, көптөгөн спортчулар желегибизди бийик көтөрөт деген ишенимдебиз»,- деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Ал кыргыз балбандары ата-бабаларынан калган күрөш спортунда мындан ары да ийгиликтерди багынта берерине ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап бул эл аралык спорттук уюмдар менен мындан ары да терең кызматташууга кызыкдар экенине көңүл бурду.

Өз кезегинде Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лалович жылуу кабыл алуусу жана Азия чемпионатын өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазчылык билдирди.

“Биздин күрөш өнөрүбүздү өнүктүрүүдө жана жайылтууда чоң тажрыйбасы бар Кыргызстандын күрөш федерациясы менен ишибизди жана жемиштүү кызматташууну улантабыз. Кыргыз балбандарынын эл аралык аренадагы чоң арышын, ийгилигин белгилегим келет. Бул ийгиликтин артында талыкпаган эмгек бар экени талашсыз”, - деп белгиледи Ненад Лалович.

Бириккен күрөш дүйнөсү-Азия президенти Даулет Турлыханов да Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты жогорку деңгээлде өтүп жатканын айтып, уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда күрөш эң күчтүү спорт түрлөрүнүн бири. Кыргыз балбандары Азия континентинде эле лидер болбостон, өлкө атын дүйнөгө ийгиликтүү даңазалоодо.

Жолугушуу соңунда президент Садыр Жапаров Кыргызстанда спорттук күрөштү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана 17 жашка чейинки жана 23 жашка чейинки катышуучулар арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасындагы Азия чемпионатын уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лаловичти Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен, Бириккен күрөш дүйнөсү-Азия уюмунун президенти Даулет Турлыхановду “Даңк” медалы менен сыйлады.

Аны менен бирге, спорттук күрөштү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана тилектештик, достук жана өз ара түшүнүү рухун бекемдөө үчүн президент Садыр Жапаров Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жогорку сыйлыгы менен сыйланды

Пикир

Оставить комментарий