• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: Бишкек – Бостери багыты боюнча ылдам жүрүүчү поезддерди ишке киргизүү пландалууда

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. «Бишкек – Бостери багыты боюнча ылдам жүрүүчү поезддерди ишке киргизүү пландалууда», - деди президент Садыр Жапаров маалымат жыйындын жүрүшүндө.

««Кыргыз темир жолуна» жаңы жетекчи дайындалды. Алты айдын ичинде компаниянын таза кирешеси 1 млрд 138 млн сомду түздү. Азыр аталган тармак өнүгө баштады. Жакында Балыкчы – Кочкор жана Балыкчы-Бостери темир жолун куруу башталат. Биз Бишкек – Бостери багыты боюнча ылдам жүрүүчү поезддерди ишке киргизүүнү пландап жатабыз. 100 жүк ташуучу вагондорду жана ылдам жүрүүчү вагондордун сатып алууна пландоодобуз. Биз бул пландарды 2-3 жылдын ичинде ишке ашырууну пландап жатабыз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий