• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Бишкек жана Чүй облусундагы ооруканалардын COVID-19дун үчүнчү толкунуна даярдыгын текшерди

Президент 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы медициналык мекемелердин коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкунуна даярдыгын текшерди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы Бишкектеги Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Улуттук госпиталда жана Токмок аймактык ооруканасынын филиалында коронавирус менен ооруган бейтаптарга карата даярдалган орундуктарды көрүп чыкты.

Президент медициналык персоналдын иштөө шарттары, алардын дары-дармек жана жабдыктар менен камсыз болушу менен таанышып, ооруканалардын «кызыл зоналарына» кирип чыкты.

Улуттук госпиталда бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясы менен ооруган 84 бейтап дарыланып жатканы, дары-дармектер жана жабдыктар боюнча мекемеде көйгөйлөр болбогону тууралуу маалымат берилди. Садыр Жапаров «кызыл зонанын» жандандыруу бөлүмүн көрүп чыкты. Анда учурда 5 адам дарыланып жатат. Мамлекет башчысы алардын ар бири менен баарлашып, дарылануунун жүрүшү жөнүндө сурады.

Президент ошондой эле учурда 147 бейтап дарыланып жаткан Токмок аймактык ооруканасынын филиалындагы «кызыл зонадан» кабар алды. Бейтаптар менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Мамлекет башчысы ошондой эле эки медициналык мекеменин тең кызматкерлери менен сүйлөшүп жатып өз күчүн жана ден-соолугун аябай пандемия менен күрөшүп жаткан өлкөдөгү бардык дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаров дарыгерлердин негизги проблемалары, алардын ичинде эмгек акыларын жогорулатуу жана иштөө шарттарын жакшыртуу мамлекеттин көңүл чордонунда турганын, алар артыкчылыктуу тартипте караларын баса белгиледи. Айлык маянанын төмөндүгүнө байланыштуу ишин таштаган медициналык кызматкерлерден улам бүгүнкү күндө пайда болгон 3 миң жумуш ордун толтуруу мерчемделүүдө.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мамлекеттик ипотекалык насыя берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү боюнча план иштелип жатат. Анын алкагында өлкөнүн дарыгерлери жана мугалимдери үй сатып алуу үчүн төмөнкү пайыздык насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Токмок аймактык ооруканасынын филиалынан чыгып жатып Президент Садыр Жапаров анда чогулган жергиликтүү тургундар менен да баарлашты. Жашоочулардын көйгөйлүү, көбүнесе жеке мүнөздөгү маселелерин укту. Мамлекет башчысы көтөрүлгөн бардык маселелер тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан каралып чыгарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий