• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент Бишкектеги жол киренин көтөрүлүшү боюнча үн катты

Президент 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Балдар жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде Бишкектеги коомдук транспортторго болгон жол киренин көтөрүлүшү боюнча өз пикирин билдирди.

Президент жол кире калк үчүн өтө жогору болбошу керектигин белгиледи.

“Бишкекте коомдук транспортторго болгон жол кире 2012-жылдан бери өзгөргөн эмес. Шаар мэрине бул маселени коомчулук менен талкуулоо боюнча тапшырма бердим. Эл тарифтин айынан кыйналбашы керек. Пенсия жана жөлөк пулдар да көптөн бери көтөрүлө элек. Бирок көп жылдан бери экономиканы өнүктүрө турган бир дагы завод, фабрикалар курулган эместигин түшүнүшүбүз керек”, - дейт Жапаров.

Мамлекет башчысы жол кирени өзгөртө турганын карап жаткан шаарлардын мэриялары пенсионер, студент жана окуучулар үчүн жеңилдиктер түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий