• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Бишкектин түштүк жагында ачылган жаңы сейил бакты «Ынтымак» деп атоону сунуштады

Президент 0

Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы сейил бактын ачылышында анын атын «Ынтымак» деп атоону сунуштады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Бул жерге өлкөнүн бардык булуң-бурчунан биздин мекендештерибиз өздөрүнүн бош убактысын өткөрүү үчүн келишет. Ата-энелер балдары менен эс алышат. Биз үчүн эң башкысы – бул ынтымак, биримдик жана достук. Ошондуктан сейил бакты "Ынтымак" деп атоону чечтик. Ал, борбордун тургундарын жана конокторун, бардык кыргызстандыктарды бириктирген жай болсун», – деп белгилеген президент.

Пикир

Оставить комментарий