• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент: Биз үчүн эң кымбат нерсе — жарандарыбыздын ден соолугу жана өмүрү

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Биз үчүн эң кымбат нерсе — бул жарандарыбыздын ден соолугу жана өмүрү, - деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып.

Президент билдиргендей, дүйнөдөгү мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстан дагы оор сыноону баштан кечирип жатат. Өлкөдө коронавирус илдетине байланыштуу кырдаал оңой эмес.

"Дарыгерлерибиздин тынымсыз аракети менен, Кудайга шүгүр, бул оорудан айыккандар да бар экенин билесиздер. Бирок, илдетке чалдыккандардын саны өсүп жатат. Тилекке каршы, каза болгондор да бар. Адистердин айтымында, оору жугузгандардын санынын көбөйүшү алдыда. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан көрүп жаткандай, оорулуулардын саны карантин киргизилгенден 35-40 күн өткөндөн кийин азая баштаган", - деди өлкө башчысы.

Биздин адистердин анализи боюнча, Кыргызстанда ооруга туш болгон учурлардын көбөйүүсү — апрель айынын экинчи жарымына туура келет деп божомолдонуп жатат.

"Биз үчүн эң кымбат нерсе — бул жарандарыбыздын ден соолугу жана өмүрү. Адамдардын саламаттыгын коргоп, өмүрүн сактап калуу үчүн баардык чараларга барабыз. Азыр коронавирус илдетине каршы вакцина табыла элек. Коомду бул илдеттен коргоп калуунун бир гана куралы — санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу жана бекем тартипти сактоо болуп турат", - дейт ал.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, жарандардын өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын эрежелерин сактаганы үчүн - кырдаалдын мындан да курчуп кетишине жол берилген жок.

"Азыр өзгөчө абал режимин алып таштасак, медиктердин күнү-түнү жасаган мээнети, тартип сакчыларынын эмгеги, жалпы коомубуздун буга чейин жасаган аракеттери текке кетет. Күнүмдүк турмуштагы ыңгайсыздыкка карабай, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимин узартуу жана киргизүү — эң зарыл кадам.

Муну баарыбыз түшүнөлү. Ошондуктан, өзгөчө абал киргизилген шаарларда жана райондордо бул режимди 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алдым. Тиешелүү Жарлыкка кечээ кол койдум", - деп кошумчалады президент Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий