• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: Бизнес тармагын себепсиз текшерүүлөрдөн, рейдерликтен коргоону камсыздайбыз

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бизнес тармагын себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

Анын айтымында, бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарт түзүлөрүн айтат.

“Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, лицензиялык уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыскартылат, капиталдын эркин жүгүртүлүшү камсыздалат. Башкарууну жакшыртууга, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана санариптештирүүгө, салык жүгүн төмөндөтүүгө жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга багытталган фискалдык системаны реформалоо ишке ашырылат. Биз мамлекеттик – жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз”, - дейт өлкө башчы.

Жапаров 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы салык кодекси, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиле турганын белгиледи.

“Бизнестин сот системасынын калыстыгына, адилеттүүлүгүнө жана объективдүүлүгүнө ишениши маанилүү. Пландалып жаткан соттук реформанын алкагында жеке менчик укугун коргоо күчөтүлөт жана третейдик сот интситуту өнүктүрүлөт”, - деп айтат Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргызстандын жаңы Конституциясына кол койду.

Пикир

Оставить комментарий