• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Борбордук шайлоо комиссиясын 30 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 14-ноябрда, Бишкекте КР Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30 жылдыгына карата «Кыргызстандын шайлоо комиссиялары — демократиялык өнүгүүнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу конференция болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш-чарада президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев КР президентинин конференциянын катышуучуларына жолдогон кайрылуусун окуп, өлкөнүн шайлоо системасынын ардагерлерине БШКнын 30 жылдык мааракесине карата президенттин атынан баалуу белектерди тапшырды.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу шайлоо комиссияларынын ардагерлери, мүчөлөрү жана кызматкерлери!

Урматтуу бүгүнкү конференциянын катышуучулары!

Быйыл Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын туруктуу негизде иштей баштаганына 30 жыл толот.

Баарыңыздарды ушул маанилүү маараке менен чын дилимден куттуктайм.

Өткөн мезгил аралыгында ар кандай деңгээлдеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары зор тажрыйба топтоду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы жана азыркы курамынын күч-аракети менен инновациялык технологияларды колдонууда, шайлоонун ачык-айкындыгын жана аныктыгын камсыз кылууда Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунга чыкты.

Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, таза, ачык-айкын, адилет, атаандаш шайлоо өткөрүү максатында жаңы модель ишке киргизилди.

Жаңы шайлоо модели боюнча 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, 2016-жылы референдум, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өткөрүлдү.

Жаңы технологиялар добуш берүүнү бурмалоону толугу менен жойду.

Бул маанилүү иште БШКнын бардык мезгилдеги курамына кирген мүчөлөрү кесипкөйлүктү жана жоопкерчиликти көрсөттү.

Баарыңыздарга шайлоочулардын атынан терең ыраазылык билдирем!

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы өнүгүүнүн жаңы этабына келди.

Улуттук шайлоо системасын өнүктүрүү, аны максималдуу түрдө демократиялуу жана мыйзамдуу кылуу максатын койдук.

2018-жылы кабыл алынган Шайлоо жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясында шайлоо жол-жоболоруна жогорку стандарттар коюлган, саясий маданиятты көтөрүү, эркин шайлоонун механизмдерин чыңдоо, санарип технологияларды киргизүү каралган.

Жаштардын, улуттардын, аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан квотасы сакталышын камсыз кылуу зарыл.

Шайлоонун жүрүшүнө мыйзамсыз кийлигишүүгө, анын ичинде шайлоочуларды сатып алууга же административдик ресурсту колдонууга катуу бөгөт коюлушу керек.

Элдин ишеними болгондо гана шайлоо системасы натыйжалуу болот.

Урматтуу БШК мүчөлөрү, кызматкерлери жана ардагерлери!

Бүгүнкү күндө биздин шайлоо системабызда, ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссияларында дээрлик 25 миң мүчө ак ниети, таза эмгеги менен иштейт.

Сиздердин эмгегиңиздер коомубуз үчүн абдан маанилүү. Мыйзамдарда каралган бардык жол-жоболорду так сактоо, ошондой эле коомубузду жана мамлекетибизди туруктуу демократия жолунда өнүктүрүү сиздердин кесипкөй ишиңиздерге, таза, мыкты инсандык сапатыңыздарга жараша болот.

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы түзүлгөн күнүнүн 30 жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм! Барыңыздарга ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий