• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Боршайком жөнүндө конституциялык мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Конституциялык мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 16-июнунда кабыл алынган.

Аталган конституциялык Мыйзамдын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары — Борбордук шайлоо комиссиясы) ыйгарым укуктарын жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.

Конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ишинин укуктук статусун жана принциптерин аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий