• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент БШКнын сайтындагы техникалык мүчүлүштүктү толук текшерип чыгууну тапшырды - Иманкулов

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий күчтөр Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, сайттын ишин атайылап үзгүлтүккө учуратты деп нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Ала-Тоо 24” каналына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыгы эч кандай күмөн саноо жаратпашы үчүн президент Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы техникалык мүчүлүштүк боюнча абалды ачык иликтеп чыгууну тапшырды.

“Президент Садыр Жапаров шайлоонун алдында бардык мамлекеттик органдарга таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү боюнча так көрсөтмөлөрдү берген. Кечээ БШКнын сайтынын иштөөсүндө техникалык мүчүлүштүктөр болуп, бул айрымдардын нааразычылыгын жаратты. Муну менен катар бул мүчүлүштүк шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасир этпегенин белгилей кетүү маанилүү. Бирок кырдаалдын ачык-айкын болушу үчүн президент Садыр Жапаров тажрыйбалуу IT адистерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлерин жана шайлоого катышкан бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрүн чогултуп, бардык техникалык көйгөйлөрдү чогуу текшерүүнү тапшырды. Абалдын ачыкталышына биринчи кезекте президент өзү дагы жана биз шайлоону уюштуруучулар дагы кызыкдарбыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, шайлоодон кийин автоматтык эсептөө урналарынан шайлоочулардын добуш берүүсүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн БШКнын сайтында мүчулүштүктөр болгон. Баары оңдолгондон кийин, сандар өзгөргөн. БШКнын жетекчиси түшүндүргөндөй, сайттагы ката формуланын туура эмес иштешинен улам келип чыккан, ал дароо оңдолгон.

Пикир

Оставить комментарий