• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент: Быйыл мамлекеттик бюджеттин кирешеси 50 млрд сомго көбөйөрү күтүлүүдө

Президент 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Салык кызматкерлеринин ишмердигинин аркасында 2021-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесине 105,7 млрд сом келип түшсө, 2022-жылдын соңунда болжол менен 155,6 млрд сом жыйналары, же дээрлик 50 млрд сомго көбөйөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мындай натыйжага жетүүгө салыкчылардан күн-түн дебей иштөө талап кылынат. "Бул максатка жетесиздер деп ишенебиз", - деп баса белгиледи президент өз сөзүндө.

Жапаров Салык кызматынын натыйжалуу ишинин аркасында маанилүү экономикалык жана социалдык программаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн айтты. Учурда салык мыйзамдарынын сакталышы көзөмөлдөнбөгөн бир дагы өндүрүш тармагы жана социалдык чөйрө жок.

"Бардык эле мезгилдерде салык төлөөдөн качуу коом алдында эң кооптуу кылмыштардын бири катары каралып келген. Салык төлөөчүлөр өздөрүнүн милдеттерин так жана өз убагында аткарып, салык төлөмдөрүн толук көлөмдө убагы менен берип тургандай абалга жетүүгө умтулушубуз керек. Мына ошондо гана Салык кызматынын чындап иштеп жатканына күбө болобуз. Кудайга шүгүр, бул багытта акырындап жылыштар башталды. Буга салыктык түшүүлөрдүн көлөмү өткөн жылдагыга салыштырмалуу бир топ көбөйгөндүгүн далил катары белгилей кетсек болот", - деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчысы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экономиканы көмүскөдөн чыгаруу керектигин айтып, буга байланыштуу фискалдык чөйрөдө реформа жүргүзүү аракети көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

"Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында, электрондук эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар, ККМ-онлайн, товарларды маркалоо, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, “Жыйынды пост” сыяктуу салыктык башкаруунун жаңы инструменттери толук кандуу киргизилгенден кийин экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу максатына жетебиз деп ойлойм.

Биз экономикалык жана финансылык татаал шарттарга карабастан, өлкөнүн мамлекеттик бюджетине салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү менен туруктуулукка жетишүүбүз керек. Муну менен биз мамлекеттин социалдык-экономикалык программаларын аткаруу боюнча кепилдик берүүгө жетишебиз", - дейт президент.

Пикир

Оставить комментарий