• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент үч тапшырма койгон. Кубанычбеков бажы кызматында аткарылып жаткан иштерге токтолду

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11 ай ичинде Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бюджетке 41 млрд 400 млн сом түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан ноябрь айында бажы кызматына үч тапшырма коюлган.

“Ал Кытайдан келген жүк агымын жогорулатуу, Россия, Казакстан жана Өзбекстан менен тыгыз байланыш түзүү, үчүнчүсү, бажы кызматын реформалоо. Биринчи тапшырмага 10 күн убакыт берилген. Бул багытта чоң жумуштарды аткардык. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер жана губернаторлор чоң жардам берип, тыгыз байланышта иштедик. Алсак, ноябрда Кытайдагы эки бекеттен өлкөгө күнүнө орточо 30дай унаа кирсе, бүгүнкү күндө алардын саны 125ке жетти. Койгон тапшырманы 100 пайыз аткардык”, - дейт ал.

Бажы кызматынын төрагасы экинчи тапшырма боюнча Россия жана Казакстанга иш сапар менен барып келгенин маалымдады.

“Россия бизге койгон талаптарды угуп келдик. Алар бир гана талап койду: ак иштөө, аткезчиликти жоюу. Ошондой эле материалдык-техникалык жардам берүүгө даяр болуп турат. 2015-жылдан бери Россия Кыргызстандын бажы кызматына 127 млн доллар бөлүп берген. Ал эми Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин тапшырмасы менен кармалып турган 700-900 контейнер чыгарылат. Кимдин унаалары кыргыз-казак чек арасында кармалып турган болсо бизге кайрылыңыздар. Казакстандык кесиптештер менен чогуу иш алып барабыз”, - деп айтат ал.

Кубанычбеков кошумчалагандай, бажы кызматын реформалоого үч ай убакыт берилип, 2022-2024-жылдары бажы кызматын өнүктүрүү боюнча беш баскычтан турган концепция иштелип чыкты.

1.Мыйзамдардын базасын жөнөкөйлөтүү: министрлер кабинетине 1-2 пункт боюнча сунуш киргизилген. Убакыт — бир ай;

2.Бажы процессин жөнөкөйлөтүү: бажы кызматынын адистери иш жүргүзүүдө;

3.Бажы процессин санариптештирүү жана автоматташтыруу: 10дон ашык IT адиси бажы кызматын санариптештирүү моделин түзүп жатат. Андан кийин программалоого өтөт. Ал аткезчилик менен күрөшүүгө, бизнести колдоого жардам берет. Убакыт — үч жыл.

4.Кадр дараметин күчөтүү: 2022-жылдан баштап ротация жүргүзүлөт. Мындан сырткары, кызматкерлердин билимин жогорулатуу үчүн окутуу иштерин уюштурууга жумушчу топ түзүлдү. Аттестациядан өткөндөр гана иштей алат.

5.Бажы инфраструктурасын өнүктүрүү: Россия тарап каржылык жардам көрсөтүүдө. Өткөрүү бекеттери оңдолуп, бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий