• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент чек ара окуясында курман болгон баткендик Каратаевдин үй-бүлөсүнө унаа белек кылды

Аймак 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. 2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда жараат алган кыргыз аскерлерин ооруканага жатып жаткан учурда курман болгон Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө президент Садыр Жапаров унаа белек кылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчынын атынан берилген унааны президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев тапшырды.

Облус башчысы маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, ар дайым мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар мындан ары да берилип, көзөмөлдө болорун билдирди.

Белгилей кетсек, курман болгон М. Каратаевдин унаасы жараат алган кыргыз аскерлерин ооруканага ташып жаткан учурда талкаланган. Маркумдун уулу буга чейин атасынын унаасын калыбына келтирип, айдагысы келгендиги боюнча кайрылуу жасаган. Өлкө башчысы маркумдун уулунун кайрылуусун угуп, анын үй-бүлөсүнө унаа тапшырды. Президентке Каратаевдин үй-бүлөсү өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

М. Каратаевдин үй-бүлөсү учурда чек ара окуясында каза болгон жарандар үчүн курулган Мадина шаарчасында жашайт. Маркумдун артында жубайы жана 6 баласы калган.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Пикир

Оставить комментарий